financial soundness indicators
Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)Финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрү (ПФУ) — Финансы секторунун (банктык жана банктык эмес секторлордун) корпоративдик финансылык эмес сектордун, үй чарбаларынын, ошондой эле реалдуу, бюджеттик жана тышкы экономикалык секторлордун учурдагы финансылык абалынын жана туруктуулугунун көрсөткүчтөрү. Финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрү аркылуу макропруденциалдык талдап-иликтөөлөр финансылык туруктуулукка баа берүүнүн усулдук ыкмаларынын бири болуп саналат.